Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Иракта барымтага алынгандарды бошотууда АКШ жоокери курман болду


Ирактын түндүгүндө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери барымтага алган күрттөрдү бошотуу операциясы учурунда АКШнын бир аскери мерт болду. Пентагондун маалыматына караганда, операциянын натыйжасында өлүм коркунучу тооруп турган 70 туткун бошотулуп, бир канча согушкер колго түштү.

Операция бейшемби күнү эртең менен негизинен күрттөр байырлаган Киркук провинциясына караган Хавиджа шаарынын чет жакасында жүрдү. Согушкерлер барымтага алынгандарды кармап турган аймакка атайын даярдыктагы америкалык жана күрт аскерлери менен ирак жоокерлери тик учак менен ташталган.

XS
SM
MD
LG