Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Атышууда ок тийген дагы бир аял каза болду


Достук кичи районундагы атышуу учурунда ок жеген аял каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМден билдиришти.

Буга чейин абактан качып чыккан Алтынбек Итибаев менен милициянын үч саатка созулган атышуусунда милициянын ыкчам отрядынын бир кызматкери менен 1959-жылы туулган эркекке ок тийип, каза болгону кабарланган.

22-октябрда Бишкектин Достук кичи районундагы 38 үйдө издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаев бекинип жатканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Итибаев өзүн кармоо үчүн барган милиция кызматкерлерин автомат менен аткан.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалган. Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оору менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. Качып кетүүгө үлгүргөн 39 жаштагы Данияр Кадыралиев Дордой-1 конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев 20-октябрда Сокулуктагы ээн сарайда өлтүрүлгөн.

Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө жүргөн. Абдрахманов 22-октябрда жарадар болуп колго түштү.

XS
SM
MD
LG