Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Сирияда госпиталга абадан сокку урулду


Лондондо жайгашкан адам укуктары боюнча сириялык уюм Сириянын түндүк-батышында жайгашкан талаа госпиталына орус аба күчтөрү сокку урганын кабарлады.

Маалыматка караганда, андан 13 киши каза тапты. Алардын ичинде медицина кызматкерлери да бар. Бирок Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова 22-октябрдагы билдирүүсүндө, госпиталь бомбаланды деген маалыматты жалган деп атады.

Сирия-америка медициналык коому оорукана атайын бомбаланганын тастыктап, бирок бомбалаган учактар кайсы тарапка таандык экенин аныктоо мүмкүн эместигин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG