Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Иракта барымтадагыларды бошотууда АКШнын бир аскери каза болду


Ислам мамлекетинин жоочуларынын колунан 70 туткун бошотулду. Алардын баары өлтүрүлөрү маалым болуп калганда операция жүргүзүлгөн. Операция 22-октябрда Киркук провинциясынын Хавиджа шаарынын чет жакасында өткөрүлдү. Ислам мамлекетинин жоочуларынын абагы жайгашкан жерге америкалык жана күрттөрдүн атайын багыттагы жоокерлери, ирак аскерлери тик учак менен ташталып, алар барымтадагыларды бошотушту. 15 жоочу жок кылынды. Америка аскеринин өлүмү 2011-жылы АКШ Ирактан аскерлерин чыгаргандан берки биринчи өлүм болуп калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG