Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

22-октябрда Тбилисиде эки миңдей киши шаардык соттун алдына жыйналды


Алар оппозициялык “Рустави 2” телеканалына колдоо көрсөтүү максатында чогулушту. “Рустави-2нин” журналисттери жана жетекчилери бийлик телеканалдын редакциялык саясатын өзгөртүү максатында аны тартып алууну көздөп жатат, деп билдирүүдө.

Грузия президенти Георгий Маргвелашвили “Рустави 2нин” айланасындагы окуялар жана оппозициялык “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын кеңселерине кол салуулар конституциялык тартипти бузуп, жарандардын ортосунда тирешүүнү пайда кыларын эскертти.

“Рустави-2” мурунку президент Михаил Саакашвилиге жакын ишкерлерге таандык. Бийликтеги “Грузия кыялы” партиясы “Рустави-2 ни” Михаил Саакашвилинин жана “Бирдиктүү улуттук кыймылдын” куралы катары сындап келет.

Телеканалдын мурунку ээлеринин бири Кибар Халваши Саакашвилинин кезинде телеканалды мажбурлап саттырышкан деп, эми соттун жардамы менен кожоюндугун калыбына келтирүүнү көздөөдө. Бирок телеканалдын азыркы жамааты Кибар Халваши бийликтин куралы болууда, негизги максат телеканалдан сын көз караштагы маалымат, сюжеттердин чыгышын токтотуу деп билдирүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG