Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу. Бишкек, 23-октябрь, 2015-жыл.
Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу. Бишкек, 23-октябрь, 2015-жыл.

Ички иштер министрлигинде бейшемби күнкү атышууда каза тапкан милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Операция учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, Төлөбек Исмаилов да набыт болду. Андан сырткары эки жайкын тургун мүрт кетти.(SE\UEz)

XS
SM
MD
LG