Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Ошто террордук уюмдун эмиссары деп шектелген жаран кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ошто эл аралык террордук уюмдун эмиссары кармалганын билдирди. Шектүү Кыргызстандын жараны, 48 жашта экенин атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” айтты.

-Такталган маалыматтар боюнча ал кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аракеттерге үгүттөп, жөнөтүп жүргөнү аныкталды. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайда сурак берүүдө.

"Эмиссар" деген сөз кыргызча элчи деген маанини берет.

Соңку расмий маалыматтар боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 400дөн көп. Алардын ичинен 40тан ашууну каза болду. (SE)

XS
SM
MD
LG