Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Маркум Исмаиловдун жакындарына миллион сом жана үй берилет


Төлөбек Исмаилов.
Төлөбек Исмаилов.

Абактан качкан Итибаевди кармоо учурунда мерт болгон милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловдун жакындарына президенттик фонддон миллион сом жана үч бөлмөлүү үй берилет. Бул тууралуу бүгүн маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.

Исмаилов менен коштошуу бүгүн Ички иштер министрлигинде өтүп жатат.

Ал 22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза тапты. Операцияда Итибаев өзү да өлдү. Ал куралдуу каршылык көрсөткөн кезде милиция өкүлүнө ок тийген.

Маркум Нарын облусунда төрөлгөн. 37 жашта болчу. Кызматтагы жетишкендиги үчүн 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган. Сөөгү өзү туулган Куланак айылына коюлат. Артында үч баласы калды. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG