Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Аткылашуу болгон үй ээлерине психологиялык жардам көрсөтүлүүдө


22-октябрдын кечинде Бишкектин Достук кичи районунда аткылашуу болгон №8 үйдүн жашоочуларына адистер психологиялык жардам көрсөтүп жатат. Баш калаадагы №1 бейтапкананын дарыгерлери барып жашоочулардын саламаттыгын текшерүүдө. Үй башчынын айтуусунда, аталган үч кабаттуу имаратта 40 батир бар жана жүздөй адам жашайт. Көпчүлүгү ижарачылар.

Бейшембиде абактан качкан Алтынбек Итибаев байкалып, ал жашынган №8 үч кабаттуу үй милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Итибаев автомат менен каршылык көрсөтүп, атышуу болгон. Операция учурунда Итибаев жок кылынган. Андан сырткары, милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаилов менен эки жайкын тургун набыт кеткен. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG