Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Жогорку Сот "Республика Ата-Журттун" талапкерлеринин арыздарын кароодо


Жогорку Сот бүгүн “Республика Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болгон дагы төрт кишинин арызын карап жатат. Алардын бири Жыргалбек Саматовдун арызын канааттандырды. Кезекте дагы үч кишинин арызы бар.

Аталган партиянын сегиз талапкери Жогорку Сотко кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды тизмеден чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

22-октябрда Аида Исмаилова, Алиярбек Абжалиев жана Закир Шараповдун арызы канааттандырылган жана маселени кайра текшерүү БШКга жүктөлгөн.

"Республика Ата-Журттун" ички эрежеси боюнча алар жетиштүү добуш албаганы үчүн тизмеден чыгарылган эле. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG