Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Сариев: экстремизмге каршы катаал тартипте күрөш улана берет


Абактан качкандарды кармап, жок кылганы үчүн мамлекеттин күч кызматкерлеринин өкүлдөрүнө премьер-министр Темир Сариев ыраазычылык билдирди. Ал бейшемби күнкү атышууда каза тапкан милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөп жатып өкмөт экстремизмге каршы катаал тартипте күрөштү уланта берерин белгиледи.

Быйыл 12-октябрда Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, тогуз кылмышкер качып кеткен. Алардын бешөө ошол эле күнү кармалып, изин жашырган төрт кишинин үчөө жок кылынган. Бири жарадар болуп колго тушкөн.

Качып кеткендердин бири Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда милициянын бир кызматкери менен эки жайкын тургун да набыт болду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG