Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Лавров менен Керри Венада жолугат


Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия маселесин талкуулоо үчүн бүгүн Венада жолугушат. Сириянын президенти Башар Асаддын Москвага 20-октябрь күнү жасаган күтүүсүз зыяратынан кийин боло турган бул жолугушууга Түркия жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери да катышмакчы.

Вашингтон Асадды Москванын “кызыл килем” төшөп тосуп алуусун сындап чыккан. Асад 2011-жылдан бери өлкөсүндө атуулдук согуш башталганы чет өлкөгө чыга элек эле. АКШ бийлиги Орусиянын Сириядагы чабуулдары Асаддын каршылаштарына багытталууда деп сындап жатат.

Орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Башар Асад “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштү чогуу жүргүзсө оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG