Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

АКШ Пакистандын кыздарына 70 млн. доллар бөлөт


АКШ Пакистандагы 200 миң өспүрүм кыздын билим алуусу үчүн 70 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу АКШ президентинин жубайы Мишел Обама билдирди.

Аталган каражатка бир нече мектеп курулуп, көп окуу жайлары ремонттолуп, кийинки муундагы пакистандык кыздардын дарыгер, мугалим, ишкер болуусун шарттаган билим жайлары ачылат.

“Кыздардын баары – биздики. Алардын көзүн карап туруп, өз кыздарымды, өзүмдү көрүп жатам”, - деди Мишел Обама.

Пакистан премьер-министринин жубайы Калсум Наваз Шариф жана кызы Марям Наваз Шариф Мишел Обаманын чакыруусу менен Вашингтонго барышкан.

Эки өлкөнүн лидерлеринин жубайлары Паикстандагы миңдеген кыздардын билим алууга шарты болбой жатканын талкуулашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG