Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Хиллари Клинтон Конгрессте бир нече саат көрсөтмө берди


Вашингтондо АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын атайын комиссиясынын 11 саатка созулган отуруму болду. Анда мурдагы мамлекеттик катчы, Демократиялык партиядан президенттикке ат салышканы турган Хиллари Клинтон Ливиянын Бенгази шаарындагы АКШ консулдугуна 2012-жылдын 11-сентябрында жасалган теракт тууралуу көрсөтмө берди. Бул теракттан АКШнын Ливиядагы элчиси жана үч мамлекеттик кызматкер өлгөн.

Комиссиянын мүчөсү, Республика партиясынын өкүлү Жим Жордан “Клинтон жана өкмөттөгү жогорку төбөлдөр окуяны мурдатан даярдалган теракт болгонун ырастабай, аны Американын Мухаммед пайгамбарды мазактаган видеосуна карата Ливиядагы элдин массалык реакциясы деген. Бирок Клинтондун электрондук каттарынан ал башынан эле бул окуя мыкты даярдалган теракт экенин билген. Хилларинин каршылаштары шайлоого эки ай калганда Барак Обаманын аброюна шек келтирбеш үчүн унчукпай коюшкан”, - деди.

Бирок Хиллари Клинтон Сириядагы дипмиссиянын коргонуу жана башка техникалык маселелерге жоопкер болбогонун айтты. Ливиядагы элчиге жансакчы керектиги тууралуу маселе ага жетпегенин кошумчалады.

Маалымат агенттиктери бул отурумда Клинтондун Бенгазидеги дипломаттар коркунучта болсо да аларды куткаруу боюнча аскерий операция баштабай койгонуна байланыштуу тике далилдер болбогонун билдиришти.

XS
SM
MD
LG