Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Петербургда чарчап калган ымыркайдын элесине арналган митинг өттү


Петербургда тажик мигранттардын чарчап калган ымыркайынын элесине арналган митинг өттү. “Бардык адамдарга бирдей укук” тобунун үч активисти Санкт-Петербургдагы полициянын 1-бөлүмүнүн алдына чыгып, бири-бирине ымыркайдын өлүмү тууралуу жазылган кагаздарды өткөрүп берип атышты.

Беш айлык Умарали Назаровдун ата-энеси 13-октябрда миграциялык мыйзамдарды бузду деген айып менен камакка алынган. Баланы полиция кызматкерлери алып коюшкан.

Ата-энесинен ажыратылган наристе эртеси чарчап калганы маалым болгон. “Миграциялык саясатпы же кадимки фашизмби?” деген жазуулары бар кагаздарды көтөргөн активисттер баланын өлүмү дыкат иликтенишин талап кылышты.

Социалдык тармактарда чыныгы күнөөлүүлөр жазаланбай, кине баланын ата-энесине оодарылып калышы ыктымал деген сөздөр тарай баштады. Ал эми айрым маалымат каражаттары ишти Орусиянын Балдар омбудсмени Павел Астахов өз көзөмөлүнө алганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG