Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Астанада майыптар үчүн иш орундар жармаңкеси болду


Казакстандын баш калаасы Астанада бейшембиде майып адамдар үчүн иш орундар жармаңкеси өткөрүлдү. Ага 20дай компания катышып, үч саат ичинде 150дөй кардар чогулду. Иш-чаранын соңунда сексендей адамды компаниялар ишке чакырды.

Жармаңкенин негизги максаты - майып адамдарды жумуш орду менен камсыз кылуу менен бирге аларга социалдык коргоо чаралары жана иш базарындагы абалды тааныштыруу. Белгилей кетсек, Казакстанда 600 миңден ашык майып адам каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG