Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

“Патрисия” бороону Мексика жээгине жетти


Америка континентинин тарыхында эң күчтүү “Патрисия” бороону Мексиканын батышындагы Халиско штатынын жээгине жеткенин метеорологдор билдирүүдө. Адистер анын кесепети катуу болорун эскертүүдө. Мексика бийлиги ушул саатка чейин океан жээгиндеги миңдеген жашоочуларды эвакуациялады. “Патрисияны” 2013-жылда Филиппинде болгон “Хайан” тайфуну менен салыштырышууда. Анда кеминде 6300 киши каза болгон.

Бороон кыйгап өтчү үч штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бороондун очогунда шамалдын ылдамдыгы саатына 305 чакырымды түзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG