Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Исамайрам аймагында Кыргызстандын жараны 135 миң доллар менен кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кармалган жаран ири суммадагы акча салынган пакетти Өзбекстандан чогултуп алганын жана аны Кыргызстанга башка бирөөгө жеткирип бериши керектигин билдирген. Тиешелүү документтер толтурулуп, териштирүү үчүн материалдар УКМКнын облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)