Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Орусияда бүгүн мунапыс мөөнөтү соңуна чыгат


Орусияда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын мөөнөтү бүгүн соңуна чыгат. Муну жергиликтүү маалымат каражаттары акыркы 15 жылдагы эң чоң жараян экенин белгилеп жатышат. Бул мунапыска 225 миң киши туш келген. Анын алкагында биринчи жолу өтө оор эмес кылмыш менен соттолгондор, шектүүлөр, беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылгандар жана башка категориядагы адамдар абактан бошотулат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс алкагында 90го жакын кыргызстандык да бошонгон. Дагы 30дан ашууну абактан чыгышы мүмкүн.

Июль айына карата орус түрмөлөрүндө жаткан кыргыз жарандарынын саны 1,5 миңден ашуун болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG