Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Бишкек шаарынын 137 жылдыгы белгиленүүдө


Бишкек
Бишкек

Буга байланыштуу бүгүн Бишкек шаарынын борборунда, ар кайсы эс алуу, маданий жайларда майрамдык иш-чаралар, көргөзмө-жармаңкелер өтүүдө. Мэриядан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул тапта Кыргыз улуттук филармониясынын алдында флеш-моб көрсөтүлүүдө. Анда мэр Кубанычбек Кулматов да катышып, сөз сүйлөрү айтылды. Мындан сырткары шаардын ар кайсы жеринде көргөзмө-жармаңкелер уюштурулган.

Бул күнгө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев шаардын жашоочуларын жана жалпы кыргызстандыктарды Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы бийликтин негизги милдети борбордо ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүп, коопсуздукту камсыз кылуу экенин белгилеген.

“Биздин шаарыбыз инвесторлор үчүн, бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бир сөз менен айтканда, Бишкек сабырдуулуктун, бийик маданияттуулуктун жана билимдүүлүктүн үлгүсү болууга тийиш”, - деп айткан өз куттуктоосунда Атамбаев.

Кыргызстандын баш калаасы 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. 1926-1991-жылдары Фрунзе деп өзгөргөн. Эгемендикти алгандан бери борбор калаа Бишкек баатырдын атын алып жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG