Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Ошто көп улуттуу окуучулардын кечеси өттү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык билим берүү мекемесинен кабарлашты. 20дан ашык улуттун балдары билим алган калаадагы №7-Нариман атындагы мектеп-гимназиясында окуучулардын “Достук -ынтымактын булагы” аттуу концерт-майрамы өттү. Ар башка улуттан турган окуучулар түрдүү элдин каада-салттарын жана ыр-бийлерин тартуулашты.

Көп улуттуу окуучулар тобу муну менен досторун, ата-энелерин жана мугалимдерин ынтымакка чакырууну максат кылышкан. Концертке ата-энелерден башка билим берүү тармагынын жетекчилери, мэрия жана башка органдардын өкүлдөрү да катышты.

Ош шаар жана облусунда 40гө чукул улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын 20дан ашыгынын балдары бир мектепте окуп калган учурлар дээрлик аз. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG