Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Премьер-министр аскер лицейинин ишмердиги менен таанышты


Бүгүн премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчы каарман аскерлерди даярдоодо окуу жайдын мааниси чоң экенин белгилеп, андагы билимдин жана тарбиянын сапатын жакшыртууга көңүл буруу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Бул лицейде мамлекеттин коопсуздугун жана эгемендигин коргой турган адистер тарбияланат. Мындай жоопкерчилик жана ишеним жүктөлгөнүн ар бир тарбиялануучу аңдап түшүнүшү керек. Ошондуктан, окууга терең көңүл буруп, башкаларга жүрүм-туруму менен үлгүлүү жарандар тарбияланышы зарыл”,-деди Сариев.

Премьер аскер лицейдин жетекчилигине окуу жайдын материалдык-техникалык базасына көңүл буруп, имаратындагы кемчиликтерди иретке келтирүүнү тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG