Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Ошто террорчуларга каршы аскердик машыгуу өтүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын түштүк-батыш аймактык командачылыгынан кабарлашты.

36-806 аскердик бөлүктүн атайын ок атуучу окуу талаасында өткөн машыгууда сценарий боюнча, башка өлкөнүн 50 жараны чек араны мыйзамсыз бузуп кирип, кыргыз аскерлерине каршылык көрсөттү. Кыргыз аскерлери алар койгон жарылуучу заттарды зыянсыздандырып, жеңишке жетти.

Машыгуу жарым жылдан бери аскердик кызмат өтөп жаткан аскерлерди террорчул чабуулдарга даярдоо максатында уюштурулду. Жыл сайын өтчү машыгуу быйыл Бишкектеги абактан террорчулар качкан учурга туш келди. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG