Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Казакстанда бачабаздарды бычуу сунушталууда


Казакстандын Башкы прокуратурасы бачабаздарды химиялык жол менен бычууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын департаментинин башчысы Кусаин Игембаев “Нур Отан” партиясынын алдындагы укуктук кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирген. Маалыматка караганда, бул багыттагы мыйзамга оңдоп-түзөтүүлөр иштелип чыгып, учурда парламенттин кароосунда турат.

Мындан сырткары медициналык мекемелерди психикалык жактан оорулуу жана сексуалдык зомбулукка баруу ыктымалдыгы бар жарандар туурасында маалымат берүүгө милдеттендирүү, тыюу салынган интернет-сайттарга чектөө киргизүү каралган. Мындан сырткары сексуалдык зомбулукка туш болгон өспүрүмдөн дагы педагог же психологдун катышуусунда көрсөтмө алуу сунушталууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда жашы жете электердин зордуктоого кабылышы жалпы кылмыштардын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG