Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кызыңарды аягыла...


Жайлоодогу секелек
Жайлоодогу секелек

Блоггер Данияр Айтмандын 11-октябрь, кыздардын эл аралык күнүнө карата Фейсбукка жазган блогун сунуш кылабыз.

Дүйнө аялзаты үчүн катаал. Аны кадам сайын коркунучтар күтүп турат: зордук-зомбулук, кулчулук, экинчи сортко сүрүлүү... Андыктан мырзаларга айткым келет: кызыңарды аздектегиле, аягыла. Үлбүрөк жанды турмуштун катаал бороонуна үшүтүп таштап койбогула...

Жер бетинде 200 миллион кыз энесинин ичинен өлтүрүлөт. 120 миллион кыз зордукталат. 133 миллион кыздын ден соолугу талкаланат. 700 миллион кызды балакатка жете электе күйөөгө сатышат.

Дүйнөдөгү аялдардын 30 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы. 10 миллион аял күңгө айланган, 4 миллион аял сойкулукка барууга аргасыз.

Аялдардын тапкан кирешеси эркектерге караганда 20-40 пайызга аз. Ири компаниялардын 5 пайызын гана аял башкарат. Парламентте аялдар 22 пайыз гана орунду ээлешет. Кат-сабаты жоюлбагандардын 60 пайызын аялдар түзөт. Аялдардын 30 пайызы гана илимде ийгиликке жетишет. Күн сайын 800 аял кош бойлуу абалында же төрөт маалында өлөт.

Ошого карабай феминизм – заар, аялдарга өтө эле көп укук берилген деп айтышат!

Бизде бактыга жараша Кытай, Индиядагый аялдарды кырбайт. Бирок бизде кыздын жарык дүйнөгө келишин кубанып күткөндөр аз, көбү тун баласы эркек болушун каалайт. Уул төрөбөгөн энени анчейин урматташпайт. Көпчүлүк күйөөлөр эркек төрөмөйүнчө жубайын жерийт. Кокус согончогу канабаса ажырашат же үстүнө аял алат. Кыз-эркек деп ылгоо, бөлүү пастык экенин түшүнгөндөр чанда. Ачык айта турган болсок, минтип тандоо барып турган наадандык.

Ымыркайымды күтүп жатканда мага кыз-эркекпи баары бир болчу. Азыр мен кызымды эч кимге, эч нерсеге алмашпайм. Мен анын жарык дүйнөгө келишине өз көзүм менен күбө болгом. Киндиги кесилгенден кийин колума көтөрүп турган кезде, анын тагдырына жоопкер экенимди сезгем.

Мен дүйнөнү өзгөртө албайм. Бирок мен кызымдын бул дүйнөдө бактылуу болуусуна дем-күч бере алам.

Менин кымбаттуу кызым!

Сен менин жашоомдун жарыгысың. Мен сени аябай жакшы көрөм. Мен сенин бактылуу болушуңду каалайм!

Сен өз тагдырыңа кожоюнусуң. Сенин жашооң сага гана таандык. Сен эркинсиң, сен аны каалагандай жашоого акылуусуң.

Сенин колуңдан баары келет. Кыялдана бил жана аны ишке ашырууга умтул.

“Бул аялдын иши эмес” деп айткандарды эч качан укпа.

Сенин сүйүүгө жана сүйүктүү болууга акың бар. Сен сүйгөн адамдын дини, улуту, социалдык статусу маанилүү эмес. Эң башкысы ал жакшы адам болушу керек.

Сен үй-бүлө күтүүгө, жакпаса андан баш тартууга акылуусуң. Кааласаң балалуу болосуң, каалабасаң жок. Эч ким сени зордой албайт. Аялдын бактысы сөзсүз эркек менен жашоодо эмес. Күйөөнүн баары эле аялды бактылуу кыла албасын унутпа.

Сен өзүң каалаган адамга гана жашооңдон орун бере аласың. Ошол эле маалда анын жашоосунда да сага орун болушу керек. Сен бирөөгө баш ийип, кызмат кылууга милдеттүү эмессиң.

Бизге дагы өз бактыңды курмандыкка чалып, кызмат кылба. Биз сени абдан жакшы көрөбүз. Бойго жеткениңде биз сени чоң турмушка коё беребиз. Сенден эч нерсе күтпөйбүз, анткени сен бизге эгебейсиз бакытты эчак эле тартуулап койгонсуң.

Сени жакшы көрөм, атаң...

Которгон Санжи Туйтунова

XS
SM
MD
LG