Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Сирия оппозициясы Кремлден аба соккуларды токтотууну талап кылды


Сириянын “орточул оппозициясы” расмий Москванын абадан көмөк көрсөтүү сунушунан баш тартты. “Алгач Кремль жардам берүүнү сунуштагандан мурда оппозициянын командалык бөлүктөрүнө сокку урганды токтотушу керек”, - деп билдирди “Сириянын эркин армиясы” кыймылынын өкүлү Фарес Байуш Reuters агенттигине. Ушундай эле мазмундагы оюн аталган кыймылдын дагы бир өкүлү Ахмад Сауд Франс пресс агенттигине билдирген.

24-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Сириядагы террорчу топторго каршы күрөштө оппозициядагы "Эркин Сирия армиясынын” жердеги күрөштөрүнө абадан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ал эгер оппозиция күчтөрүнүн дал кайсы жерде экени тууралуу маалыматтарды билсе расмий Москва колдоо көрсөтө аларын айткан.

Жума күнү АКШнын мамлекекттик катчысы Жон Керри “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө Орусиянын конструктивдүү жардамы ачыкталса, Вашингтон аны кубаттай турганын билдирген.

Бул аралыкта Батыш өлкөлөрү жана Сирия оппозициясы Орусиянын аба соккулары президент Башар Асад үчүн колдоо экенин жана “Ислам мамлекети” тобуна кирбеген согушкерлер да бутага алынып жатканын айтууда. Бирок Москва бул айыптарды четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG