Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” арызын канааттандырды


Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-октябрда “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын канааттандырды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров билдирди.

- Биз Борбордук шайлоо комиссиясына бир нече жолу кайрылганбыз. Шайлоо тилкелеринде одоно мыйзам бузуулар болгонун, автоматтык эсептөө кутучасы берген маалымат менен кол санактан кийинки протоколдун ортосунда айырмачылыктар чоң чыгып жатканын айтып, кайра саноону өтүнүп кайрылганбыз. Алардын баарын БШК четке каккан. Ошонун баарын биз сотко бергенбиз. Сот БШКнын 19-20-октябрда алган чечимдерин мыйзамсыз деп тапты. Эми биз талап кылган шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайра санап чыгууга мажбур.

Мадумаровдун айтымында, партия Ош, Өзгөн, Бишкек шаарларындагы, Ноокат, Базар-Коргон, Чүйдүн Жайыл, Панфилов райондорундагы 100дөн ашуун добушканалардагы бюллетендерди кайра саноону талап кылган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 10 тилкеде добуштар кайра саналып, партиянын шектенүүсү тастыкталбаганын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” 7 пайыздык аймактык босогодон өтпөй калган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG