Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

БШК “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” боюнча Жогорку Сотко арызданат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. 24-октябрда Биринчи Май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын канааттандырган.

- 20-октябрда биз арыздануу мөөнөтүн бузуп берген жана ирети туура келбей калды деген жүйө менен партиянын үч арызын кароодон баш тартканбыз. Эми сот ошону кайра карап бергиле деп чечти. Биз Жогорку Сотко "биздики туура" деп жазабыз.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” 7 пайыздык аймактык босогодон өтпөй калган болчу. Партиянын талабы менен БШК 10 тилкеде добуштарды кайра санап, чоң айырманы таппаганын билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG