Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Польшада парламенттик шайлоо өтүүдө


Соңку сурамжылоорго караганда, анда оппозициялык “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы алдыда келатат. Ярослав Качинский башында турган аталган партияга шайлоочулардын 40% добуш берүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми польшалыктардын ар бир төртүнчүсү учурдагы премьер-министр Эва Копач баштаган бийликтеги “Жарандык платформаны” шайлай турганын айтышкан. Эгер жыйынтык бул сурамжылоо көрсөткөндөй болуп чыкса, эки партия тең өз алдынча өкмөт түзө албайт. Алар парламентке өткөн дагы башка саясий күчтөр менен биригиши керек болот.

Бүгүн польшалыктар парламенттин төмөнкү палатасына 460, жогорку палатага 100 депутатты шайлашат. Мунун алдында президент Анжей Дуда шайлоочуларды активдүү катышууга чакырган. Бирок сурамжылоодо ар бир экинчи шайлоочу гана добуш берүүгө барарын билдиришкен. Алдын ала жыйынтыктар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегизде белгилүү болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG