Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

2007-жылдын 24-октябрында Ошто журналист Алишер Саиповду белгисиз кишилер көчөдөн атып кетишкен. Ал өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” ("Саясат") гезитинин редактору болчу. Ошондой эле fergana.ru cайтына макалалары жарык көрүп турган. Ал макалаларынын басымдуу бөлүгүндө Ислам Каримовдун саясаты сынга алынгандыктан, анын өлүмү өзбек бийлигинин буйрутмасы катары да айтылып жүрөт. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында наристе кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактысына жазылган. (КE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG