Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Молдовада өткөн жумада камакка алынган оппозиционер Ренато Усатый жекшембиде бошотулду. Ал мурдагы премьер-министр Влат Филат менен ишкер Илан Шордун телефон сүйлөшүүсүн тыңшаган деп шектелип, 23-октябрда камалган. Прокуратура аны тергөө абагында калтыруу мөөнөтүн 30 күнгө узартууну суранды, бирок сот аны канааттандырган жок. Отурум болуп жаткан учурда сыртта Усатыйдын тарапкерлери аны бошотууну талап кылып митингге чыгышты.

Өткөн дүйшөмбүдө өлкөдө жемкорлукка байланыштуу деп эсептелген 15тен ашуун телефон сүйлөшүүлөр ачыкка чыккан.

Ал арада Ренато Усатый бир айдан ашуун убакыттан бери Кишеневде бийликтин отставкасын талап кылып отурган миңдеген митингчилердин катарына барып кошулганын жергиликтүү булактар кабарлады. Алар мамлекетте жемкорлук күчөгөнүн негиз кылып, президенттин жана өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG