Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Евробиримдик лидерлери чукул жыйынга чогулду


Сербия менен Хорватиянын ортосунда турган мигранттар

Сербия менен Хорватиянын ортосунда турган мигранттар

Европа чөлкөмүнө бараткан бозгундар саны азайбай жатканына байланыштуу жекшембиде Евробиримдик лидерлери чукул жыйынга чогулду. Миграция кризисин жөнгө салуу маселеси талкууланган саммитке Австрия, Болгария, Хорватия, Германия, Грекия, Венгрия, Румыния, Словения, Македония жана Сербиянын лидерлери катышты.

Словения премьер-министри Мирослав Церар мигранттардын айынан чек аралар жабылып, Европа Биримдиги ыдырап кетиши ыктымал деп эскертти.

Венгрия чек арасын жапканына байланыштуу Батыш Европага Балкан аркылуу келе жаткан мигранттар жолдун багытын Хорватия аркылуу Словенияга бурган. Бирок Словения да мигранттардын өтүшүнө чектөө киргизди. Бул өлкөгө 17-октябрдан бери 62 000 мигрант кирди.

Ирак, Сирия жана Ооганстандагы согуштан улам Европага качкандар толкуну бир канча айдан бери токтобой жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG