Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Жапониянын премьер-министри Кыргызстанга келет


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, кыргыз-жапон мамилелер тарыхында Кыргызстанга Жапониянын премьер-министринин алгачкы расмий иш сапары башталат. Министрлик тараткан билдирүүдө бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду тереңдетип, кызматташтыкка жаңы дем берери белгиленген.

Иш сапар учурунда жапон премьери Синдзо Абэ президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда кызматташуунун жолдору, Жапониянын ири компанияларынын катышуусундагы биргелешкен инвестициялык форум өткөрүү маселелери талкууланат.

Иш сапардын жыйынтыгында бир нече документке кол коюлат. Буга чейин жапон премьери Казакстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда болду. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG