Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Ошто ысык сууга зыяндуу заттар кошулат


"Ош жылуулук камсыздоо" мекемеси жашоочулар арасында ысык суу уурулугун токтотуу үчүн ушундай аракетке өтүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеме жетекчиси Рысбек Нурдинов билдирди.

Анын маалымдашынча, "Ош жылуулук камсыздоо" муниципалдык мекемесинин көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга багытталган суусу кыш мезгилинде уурулукка көп учурайт. Атап айтканда, тургундар аны турмуш-тиричиликке, кир жууганга пайдаланышат. Мекеме ушул сыяктуу уурулуктан кутулуу үчүн быйыл сууга уулуу зат кошмокчу.

Ош шаарында 600гө жакын көп кабаттуу үй бар. "Ош жылуулук камсыздоо" муниципалдык мекемеси 36 мектеп, 17 бала бакча, 207 көп кабаттуу үйдү жылытат. Мекеменин карамагында 60 от казан бар. Шаардагы калган объектилерге Ош ЖЭБи ишканасы жылуулук берет. Калаага азырынча жылуулук бериле элек.(YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG