Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

ИИМ: Атайын операция учурунда набыт болгон Т. Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жардам берилет


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда мерт болгон Ыкчам аракеттенчү атайын отряддын жоокери Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү максатында Нарын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын котормой болушту.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Операция учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, Төлөбек Исмаилов окко учкан.

37 жаштагы Исмаилов 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган. Маркумдун артында үч бала калды.

Буга чейин мамлекеттен набыт болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө үй жана миллион сом бериле турганы кабарланган. (AzK)

XS
SM
MD
LG