Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ошто бомба жасап саткысы келген жаран колго түштү


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, бомба жасоого шектелип, Чаткал районунун 29 жаштагы жашоочусу кармалды. Сурак учурунда табылган жардыруучу заттар ага тиешелүү экенин, аны жардыруу үчүн эмес, сатуу үчүн катып койгонун жана кимден алганын айтып берген.

Милиция ушул тапта жардыруучу затты берген кишини издеп жатат. 22-октябрда укук коргоо кызматкерлери оперативдүү маалыматтын негизинде Ош шаарынын Р. Абдыкадыров атындагы көчөсүндөгү көпүрөнүн алдынан РГД-5 гранатасын жана колго жасалган бомбаны таап алышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлгөн.

Табылган жардыруучу заттар адистер тарабынан жок кылынды. (AzK)

XS
SM
MD
LG