Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды


Алмаз Кененбаев буга чейин шаардык кеңеште КСДП фракциясын жетектеп келген. Анын талапкерлиги үчүн добуш берүүгө катышкан 39 депутаттын 26сы добушун берди.

“Замандаш” фракциясынан чыккан экинчи талапкер Жамал Рысалиев 3 гана добуш алды. Бардыгына каршы 6 депутат добуш берген. Бишкек шаардык кеңешинде бардыгы болуп 45 депутат бар.

Анын мурунку төрагасы Марат Аманкулов КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке өткөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG