Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Президент Атамбаев жапон ишкерлерин Кыргызстанга чакырды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолукту. Анда президент Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргени ортолук базар 6 миллиондон 198 миллионго жеткенин белгилеп, аталган уюмда инвестиция салып иштөөгө жакшы шарттар түзүлгөнүн ырастады.

Атамбаев Кыргызстанда бизнеске салык башка коңшу мамлекеттерге караганда төмөн экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы ар тараптуу келишимдер ишке ашарына үмүттөнөрүн билдирди. Синдзо Абэ өз кезегинде жапон делегациясынын курамында бизнес өкүлдөрү да бар экендигин айтып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өз ара кызматташуу боюнча конкреттүү долбоорлор пайда болоруна ишенерин айтты.

Синдзо Абэ Кыргызстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен президентти куттуктап, Кыргызстандагы демократиялык процесстердин өнүгүшү үчүн Жапония дагы салым кошо алгандыгы үчүн сыймыктанарын кошумчалады.

Буга чейин жапон премьери Казакстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сапары менен болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG