Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Украинадагы шайлоого катышуу 47 пайызды түздү


Украина -- Киевдеги бир добушканада шайлоодон кийин, 25-октябрь, 2015.

Украина -- Киевдеги бир добушканада шайлоодон кийин, 25-октябрь, 2015.

Украинада жекшембиде өткөн жергиликтүү кеңештерди жана шаар башчыларын шайлоого катышуу 47 пайыздай болгонун өлкө БШКсы кабарлады. Эң көп көрсөткүч - 56 пайыздан ашуун катышуу Тернопол облусунда, эң төмөнкү көрсөткүч (32 пайыздын айланасында) Донецк облусунда катталды. Шайлоо Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл жикчилер ээлеп алган райондору менен Москва аннексиялаган Крымдан башка аймактардын баарында өттү. Учурда добуштар саналууда.

"Опора" жарандык уюму добуш берүү күнү миңге жакын мыйзам бузуу каттаганын билдирди. Анын ичинде шайлоочуну сатып алуу аракети, бюллетендерди таштоо, добушканага эл ташып келүү сыяктуу көрүнүштөр бар. "112 Украина" телеканалы Закарпатьеде шайлоочуну сатып алуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Мариупол менен Красноармейск шаарларында мыйзам бузуулардан улам шайлоо токтотулду.

Байкоочулар бул шайлоонун жыйынтыгы президент Петро Порошенконун өлкөдөгү согушту токтотуп, экономиканы оңдоо жолундагы иш-аракети кандай бааланып жатканын көрсөтөрүн айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG