Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн аптада №38 мектепке кол салуу фактысы боюнча Олимпиадалык резерв мектебинин 50 окуучусу кармалган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алардын ичинен жетөөнө айып тагылган. Алардын экөө ата-энесинин кепилдиги менен бошотулду. Үч окуучу №14-колонияга, экөө №1-тергөө абагына камалды.
20-октябрда эртең мененки саат сегизде спорт кийимчен топ балдар Бишкектин Аламедин-1 аймагындагы №38 мектептин окуучуларын уруп, мектептин терезелерин талкалашкан. Алар Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары экени аныкталган. Мына ушул окуядан кийин Республикалык олимпиадалык мектептин иши 9-ноябрга чейин токтотулуп, жетекчилик кызматынан бошотулган. (AzK)