Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Жапония “Манас” абамайданын жаңыртууга 16 миллион доллар грант бөлөт


Бул тууралуу меморандумга бүгүн кыргыз-жапон унаа министрлери кол коюшту. Мындан тышкары Ош-Баткен-Исфана жолун жаңыртууга 117 миллион доллар кредит бөлүнөт. Айыр чарба тармагын колдоо иретинде 2016-жылы 1,5 миллион доллар грант берилери белгилүү болду.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстанда биринчи ирет расмий иш сапар менен келди. Буга чейин эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында 9 документке кол коюлары айтылган. Алардын ичинде эл аралык маанидеги унаа жолдорун жакшыртуу, “Манас” эл аралык абамайданынын жабдууларын жаңылоо, чакан жана орто бизнеске гранттык жардам берүү, айыл чарба, банк секторунда кызматташуу жана терроризмге каршы күрөшүү жаатында каржылык колдоо көрсөтүү маселелери белгилеген. (AzK/SDj)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG