Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ооганстанда зилзаладан кеминде 17 адамдын өмүрү кыйылды


Очогу Ооганстандын Гиндукуш аймагында катталган жети жарым баллдык бүгүнкү жер титирөөдөн бул өлкөдө кеминде эле 17 адам мерт болду. Алардын 12си мектеп окуучусу. Талукан шаарындагы бул окуучулар негизинен мектептеги дүрбөлөңдөн тебелендиде калып каза тапкан.

Кошуна Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндөгү кыйроолордон жок эле дегенде 13 адам өлүп, 70 чакты киши жаракат алды.

Кабул, Исламабад жана Дели шаарларында силкинүү бир мүнөттөй убакытка созулуп, имараттар термелип турушу адамдарды көчөгө чыгууга шаштырган.

Кыйроолор жана жапа чегүүлөр боюнча маалыматтар такталууда.

Жер титирөө Борбор Азия өлкөлөрүндө да байкалды. "Азаттыктын" тажик кызматы жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден он мүнөттөй өткөндөгү силкинүү бир канча секундга созулганын жазды. Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бул жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG