Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Таласта төө буурчак боюнча чогулган дыйкандар тарады


Талас шаарынын борбордук аянтында чогулган 350гө чукул дыйкандар менен бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, алардын нааразылыктарын укту. Дыйкандар төө буурчак алган компаниялар менен көзмө-көз сүйлөшүү, төө буурчактын баасын 1 долларга жеткирүү, Талас телеканалы аркылуу төө буурчак боюнча күнүнө 10 минуттук берүү даярдоо жана 29-октябрда соңку абал боюнча губернатор отчет беришин айтып, төрт талап коюшуп тарап кетишти.

Өткөн аптада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү төө буурчак алчу компаниялар менен түшүмдү 35 сомдон кем эмес баада алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бирок дыйкандар ушул тапта көпчүлүк компаниялар төө буурчакты 29-30 сомдон гана алып жатканына нааразы. Былтыркы жылы төө буурчак баасы 100 сомго чейин көтөрүлгөн болчу. (AzK/SS)

XS
SM
MD
LG