Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Дарыгерге кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек шаардык милициясы “Тез жардам” кызматынын дарыгеринин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү баштады. Дүйшөмбү күнү баш калаада оорулууга жардам бергени келген дарыгер токмоктолгон. Маалыматка караганда, Тез жардам чакыргандар бейтапка жетишерлик жардам бербедиңер деп, дарыгер менен жаңжалдашкан.

Ак халатчандарга кол көтөрдү деп шектелген жаран ошол эле күнү кармалып, суракка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Жабыркаган дарыгер соттук-медициналык экспертизадан өтүп, токмокко кабылганы аныкталды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG