Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Ооганстанда зилзала курмандыктары 30дан ашты


Ооганстан -- Жер титирөөдөн кыйраган имаратта отурган киши. Кабул, 26-октябрь, 2015.
Ооганстан -- Жер титирөөдөн кыйраган имаратта отурган киши. Кабул, 26-октябрь, 2015.

Ооганстанда бүгүнкү зилзаладан ажал тапкандардын саны отуздан ашты. Дагы ондогон кишилер ар кандай жаракат алышкан. Тахар провинциясынын борбору Талукан шаарындагы кыздар мектебинде жер титиреген учурдагы дүрбөлөңдө 12 окуучу тепсендиде калып каза тапты.

Бул маалыматты "Азаттыктын" ооган кызматына аймак башчысынын маалымат катчысы Сонатулла Тимор да ырастады:

- Кыздардын көпчүлүгү тепсендиде калган. Жер титирөөдөн аймакта бир да мектеп жабыркаган жок. Дүрбөлөң, ызы-чуу көп болду. Ал мектептин экинчи кабатынан биринчи кабатка түшкөн бир гана жол бар экен. Кыздар ошол дүрбөлөңдө тепсендиде калып, каза тапкан болушу мүмкүн.

Маалымат катчы мындан сырткары дагы 30дан ашуун окуучу ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылганын, айрымдарынын абалы оор экенин кошумчалады.

Очогу Ооганстандын Гиндукуш аймагында катталган жети жарым баллдык бүгүнкү жер титирөө өлкө тарыхында акыркы он жылдагы эң катуу жер титирөө болду.

XS
SM
MD
LG