Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Пакистанда зилзала курмандыктарынын саны өсүүдө


Пакистан -- Жер титирөөдөн кийин. Сват, 26-октябрь, 2015.
Пакистан -- Жер титирөөдөн кийин. Сват, 26-октябрь, 2015.

Пакистанда бүгүнкү катуу жер титирөөдөн ажал тапкандардын саны 130дан ашты. Куткаруучулар бул сан мындан да өсүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө. Каза тапкандардын көпчүлүгү түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын тургундары.

Бүгүнкү жер титирөөнүн очогу кошуна Ооганстандагы Гиндукуш тоолорунда катталды. Анын күчү очогунда жети жарым баллдан ашкан. Соңку маалыматтарга караганда, Ооганстанда бул зилзаладан ажал тапкандардын саны 60тан ашты.

Кабул, Исламабад жана Дели шаарларында силкинүү бир мүнөттөй убакытка созулуп, имараттар термелип турушу адамдарды көчөгө чыгууга шаштырган.

Кыйроолор жана жапа чегүүлөр боюнча маалыматтар такталууда.

XS
SM
MD
LG