Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Тажикстанда жер титирөөдөн 14 окуучу жабыркады


Тажикстан -- Жер титирөөдөн кийин көчөгө дүрбөп чыккандар. Дүйшөмбү, 26-октябрь, 2015.
Тажикстан -- Жер титирөөдөн кийин көчөгө дүрбөп чыккандар. Дүйшөмбү, 26-октябрь, 2015.

Ооганстандагы зилзаланын эпкини кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнө да жетти. Анын запкысы бул өлкөгө чектеш Тажикстанга көбүрөөк тийип, Яван районундагы бир мектептин тепкичи кыйрашынан 14 окуучу жабыркады. Алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланып жатканын, жабыркаган окуучулардын баары азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат экиден он мүнөт өткөндөгү силкинүү бир канча секундга созулушу элди бир топ дүрбөлөңгө салган. Баш калаа Дүйшөмбүдөгү тез жардам кызматына жер титирөөдөн кийин 60 чакты адам кайрылган. Алардын айрымдары катуу коркуп кетишкенин, мындай абалдан бир аз убакытка эс-учун жоготуп койгондор да болгонун айтышкан.

Тажик сейсмологдору силкинүү күчү өлкөдө 5-6 баллга жеткенин кабарлашты.

Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бул жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга чейин жеткен. Бул өлкөлөрдө кыйроолор жана жапа чегүүлөр тууралуу маалымат айтылган жок.

Бүгүнкү жер титирөөнүн очогу Ооганстандагы Гиндукуш тоолорунда катталды. Анын күчү очогунда жети жарым баллдан ашкан. Соңку маалыматтарга караганда, Ооганстанда зилзала курмандыктары 60тан, Пакистанда 130дан ашты.

XS
SM
MD
LG