Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Сириялык козголоңчулар Орусия сунушун четке какты


Сирияда Батыш колдогон козголоңчулардун маалымат катчысы Орусия алар турган аймакты бомбалоосун токтотпосо бул өлкөнүн аскерий колдоо көрсөтүү боюнча кандай сунушу болсо да четке кагышарын билдирди. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада Орусия Сирия эркин армиясын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө калкалап берүүгө даярдыгын айткан.

Бирок бул армиянын түштүк фронтунун өкүлү Исмам ал-Рейс: "Адегенде Орусия биздин базаларды бомбалоосун токтотсун, ошондон кийин гана кызматташтык тууралуу сүйлөшсөк болот", - деп билдирди.

Орусия Сирияда 30-сентябрда баштаган аба соккулары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жабыттарын гана бутага алганын айтса, Сирия оппозициясы менен Батыш өкмөттөрү аба соккулары негизинен президент Башар Асаддын каршылаштарына багытталганын белгилеп келет. Кремль өзүн айыптаган мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG