Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Индиялык Гита 13 жылдык адашуудан кийин үйүнө кайтты


Пакистан -- Гита Карачинин аба майданынан Делиге жөнөп жатат. 26-октябрь, 2015.

Пакистан -- Гита Карачинин аба майданынан Делиге жөнөп жатат. 26-октябрь, 2015.

Дудук кыз мындан 13 жыл мурда, 11 жашында Индия - Пакистан чек арасында адашып, Пакистан тарапка өтүп кеткен. Адашып жүргөн кызды аскерлер кармап алышкан. Анын чек арадан кантип өтүп кеткени белгисиз. Өзүнүн жаңсап түшүргөнүнө караганда, бомба жарылуусунан коркуп качам деп бөтөн аймакка өтүп кеткен. Дагы башка версиялар боюнча, кыз айыл чарба жарманкесинде адашып кеткен.

Аны Лахордогу балдар үйүндө асырап, Фатима деген мусулман ысымын да ыйгарышкан. 13 жыл аралыгында аны Пакистандын «Эди Фаундейшн» кайрымдуулук уюму камкордукка алып келди.

Кыз чоңойгон сайын пакистандык эмес, индиялык экенин жаңсап түшүргөнгө аракет кылып, Индия тарапты көрсөтө берчү. Аталган уюмдун өкүлдөрү буга көзү жеткен соң аны 26-октябрда учак менен Делиге алып келишти. Маалыматтарга караганда, анын туугандары Бихар штатында экени белгилүү болуп, а түгүл кыз аларды сүрөтүнөн тааныган. Эми Гитанын ДНК анализи текшерилип, алар чын эле жакындары экени аныкталууга тийиш. Эгер анализ башкача чыгып калса, анын туугандарын издөө уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG