Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Emmejihad: ИМ тобунун курамында 100дөн ашуун кыргызстандык бар


Жихадчылыкты изилдеген Белгиядагы Emmejihad блогу “Ислам мамлекети” террордук тобунун курамындагы чет элдиктердин санын тактаганга аракет кылды. Уюмдун сайтындагы маалыматта аталган топко кошулган кыргызстандыктардын саны жүздөн ашары жазылган.

Иликтөөгө ылайык, жихадчылардын эң көбү Сауд Арабия жарандары. Тагыраак айтканда, 3000ден көп.

Орусиядан 1700, Өзбекстандан 500, Түркмөнстандан 360, Казакстандан 250, Тажикстандан 200дүн тегерегинде жарандар бар экени айтылат.

Бул сандар террордук топко мүчө болуп катталгандардын эсеби. Каттала электерди кошкондо мындан көп болушу мүмкүн.

Кыргыз бийлигинин расмий эсебинде, Сирия жана Иракка кетип калган жарандар 400дөн ашат. Алардын элүүгө жакыны курман болушту. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG